Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Жарандык коргонуу комиссиясы партиялардын курултайларына 100 адамдык чек койду


Бишкекте имаратка кирип бараткан адамдын температурасын текшерүү учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкекте имаратка кирип бараткан адамдын температурасын текшерүү учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу боюнча комиссия борбор калаада партиялардын курултайларын өткөрүүгө уруксат берилгенин дагы бир жолу ырастап, бир нече санитардык эрежелерди сактоо талабын койду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.

Анда айтылгандай, партиялар курултайларына 100дөн ашык адам чакырбашы керек. Иш-чара өткөн имаратта санитардык-эпидемиологиялык шарттар түзүлүшү керек. Анын ичинде кире бериште, адамдын температурасын текшере турган фильтр, колду жууй турган антисептиктер коюлушу кажет.

Катышуучулар шахматтык ыкма менен, 1,5-2 метр алыстыкта отурушу зарыл. Курултайга келгендердин баары беткап тагынуусу керек, чакырылгандарды өздүк коргонуу каражаттары менен уюштуруучулар камсыздоого милдеттүү. Беткапсыз болгондор жана температурасы 37 градустан ашык адамдар имаратка киргизилбеши шарт.

Курултай башталгыча имараттар дезинфекцияланып, иш-чара учурунда да желдетилүүгө тийиш.

Бардык процедуралык маселелер боюнча партиялардын өкүлдөрүнө шайлоону өткөрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга кайрылуу кеңеши берилген.

Ушул күнгө чейин бир нече партия курултайын өткөрдү. Айрымдары жыйындарын жабык уюштурушса, кээлери журналисттердин катышуусунда алып барды.

Шайлоого баруу ниетин жалпысынан 44 партия билдирген. Партиялар өз тизмесин 25-августка чейин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бериши керек. Ошондон кийин БШК саясий партияларды шайлоого талапкер катары каттай баштайт.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. (ErN)

XS
SM
MD
LG