Ишемби күнү дүйнө жүзүндө 294 237 киши коронавирус инфекциясын жугузуп алганы ырасталды. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку сан экенин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) билдирди.
16-августта коронавирустун тастыкталган учурларынын саны 21,5 миллионго чукулдады. COVID-19 илдетинен кайтыш болгондордун саны 771 миңден ашты. Илдеттен каза болгондордун жарымына чукулу АКШга, Бразилияга, Мексикага жана Индияга туура келет.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө өлкөлөрүнүн расмий органдары берген маалыматты гана эсепке алат. Андыктан өпкөнү сезгенткен вирусту жугузуп алгандардын чыныгы саны мындан жогору экени кабарланып келет.
Коронавируска чалдыккандардын саны боюнча АКШ, Бразилия жана Индиядан кийинки төртүнчү орунда турган Орусияда 16-августта 4969 кишиден вирус аныкталып, алардын жалпы саны 922 миңден ашты.
5 миллиондон ашуун жараны вирусту жугузуп алганы ырасталган АКШда тест тапшыргандардын саны азайып бара жатканы кабарланууда. Кошмо Штаттарда июль айына салыштырмалуу коронавируска каршы тесттердин саны 9 пайызга азайган.
Францияда 15-августта 3 миңден ашуун адамдын коронавирус табылды. Бул май айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Мындан улам Британия Франциядан келген эс алуучулар карантинге алынарын жарыялады.
Кыргызстанда коронавирустун U07.1 жана U07.2 категорияларын соңку бир суткада 211 адам жугузганы аныкталды. COVID-19 илдетинен, пневмонияны эсепке алганда соңку суткада эки адам каза болду.
Расмий статистикага ылайык, өлкөдө пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1495 кишиге жетти. Вирусту 41 856 киши жугузуп алып, анын 34 306сы айыкты.