Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:18

Путин Лукашенкого жардам көрсөтө аларын айтты


Беларус президенти Александр Лукашенко (солдо) менен орус президенти Владимир Путин.
Беларус президенти Александр Лукашенко (солдо) менен орус президенти Владимир Путин.

Эгер зарылчылык болсо, Орусия Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында Беларуска жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин беларус президенти Александр Лукашенко менен 16-августтагы телефондун сүйлөшүүсүндө айтканын Кремлдин расмий сайтты кабарлады. Расмий пресс-релизде Беларуска сырттан басым көрсөтүлүп жатканы белгиленгени менен алар кимдер экени так айтылган эмес.

Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы акциялар башталгандан бери эки президенттин ортосундагы сүйлөшүүлөр жандана түштү. Бир күн мурда да Лукашенко Путин менен телефондон сүйлөшүп, "коркунуч жалгыз гана Беларусту тооруп турбаганын" билдирген. Аны улай Лукашенко Путин "Беларустун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн" жардам көрсөтүүнү сунуш кылганын Беларустун аскердик жетекчилерине айтып берген.

Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоодон бери нааразылык толкуну токтой элек. Бүгүн да Беларустун бир нече шаарында шайлоонун жыйынтыгына каршылык билдирген акциялар өтүп жатат. Алар Лукашенкону кызматтан кетүүгө чакырып, добуштары бурмаланганын айтып жатышат. Шайлоону жеңгенин айткан оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская жума күнү элди өз добушун коргоого, дем алыш күндөрү массалык жыйындарды уюштурууга чакырган.

XS
SM
MD
LG