Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:49

Шайлоо фондуна сом менен гана акча которсо болот


Кыргызстанда 2017-жылы өткөн президенттик шайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда 2017-жылы өткөн президенттик шайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партиялардын шайлоо фондуна каражаттар сом менен гана кабыл алынышы керек. Мындай талап тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) көзөмөлдөө-ревизиялык тобу билдирди. Маалыматка ылайык, саясий партиялар шайлоо фондунун атайын эсептерин «Айыл Банк» жана «РСК Банк» аркылуу ачууга укуктуу.

Ошондой эле шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоо фонддоруна «анонимдүү сый акы» которууга тыюу салынат. Фондго акча каражатын которгон тарап өзү тууралуу маалымат бергиси келбесе же жашырса, ал которгон акча «анонимдүү сый акы» болуп эсептелет.

Мындан тышкары саясий партиянын фондуна келип түшкөн акчанын суммасы тууралуу маалымат БШКнын сайтына жайгаштырылат.

4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоого катышарын билдирип БШКга 44 саясий партия кайрылган. Алардын ичинен үчөө жарыштан четтетилди: «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» өз каалоосу менен, ал эми «Агрардык партия» менен «Жаратман» партиясы шайлоо фондун мөөнөтүндө ача албаганы үчүн шайлоого катышуу укугунан ажыратылды. Калган партиялар өз тизмесин 25-августка чейин БШКа бериши керек. Ошондон кийин БШК саясий партияларды шайлоого талапкер катары каттай баштайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG