Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум уланат


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарапташтарынын алдында сүйлөп жатат. Бишкек шаары. «Форум» ишканасы. 19-май, 2019-жыл.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарапташтарынын алдында сүйлөп жатат. Бишкек шаары. «Форум» ишканасы. 19-май, 2019-жыл.

12-августка белгиленген жараян бир катар адвокаттардын ооруп, сотко келе албай калганына байланыштуу 17-августка жылдырылган. Бул иште айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, сотто айыптоо иштери менен таанышуу аягына чыга элек.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган. Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Жапырт башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура айыпталуучулардын көбүн жогоруда аталган фактылар боюнча күнөөлүү деп эсептейт. Атамбаев баштаган айыпталуучулар аны четке кагып жүрүшөт.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында. Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта. Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үй камагында отурушат. Окуя боюнча ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго байланыштуу соттук иш да өзүнчө өтүп жатат.

Коронавирус пандемиясынан улам сот 3-августтан тартып аралыктан өтүп жатат. Биринчи май райондук соту 23-июнда Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл эки айга кескен. Сот аны сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн да ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Бул өкүмдү Бишкек шаардык соту 14-августтагы отурумунда күчүндө калтырды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG