Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Беларуста нааразылык акцияларына улам жаңы ишканалар кошулууда


Беларустагы нааразылык акциясы. Минск. 16-август, 2020-жыл.

Бүгүн, 17-августта шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясына «Беларуськалий» жана мунай иштетүүчү «Нафтан» заводунун жумушчулары кошуларын Tut.by. агенттиги маалымдады. Нааразылык акциясына чыккандар кармалган митингчилерди жана саясий негиз менен камакта отургандарды эркиндикке чыгарууну талап кылышууда. Мындан тышкары президент Александр Лукашенконун кызматтан кетиши, калыс шайлоо жана полициянын ишине укуктук баа берүү жөнүндө да талаптар коюлуп жатат.

«Нафтан» заводунун жумушчуларынын ачык кайрылуусунда беларус эли менен тилектештиги айтылып, учурдагы бийликке ишеним жок экени белгиленген. Анда айтылгандай заводдогу нааразылык убактысы күн сайын чак түштөн тартып саат 15ке чейин созулмакчы. Жумушчулар талаптар аткарылбаса иш таштай турганын айтышууда.

«Беларуськалий» бир катар комплекстеринин иши токтогонун жарыялады.

«Нафтан» заводу 2006-жылы Беларустун тогуз ишканасынын ичинде АКШнын «кара тизмесине» киргизилген. 2015-жылы санкциялардын бир бөлүгү алынган. 2018-жылы АКШнын чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы америкалык «Zoltek» холдингин «Нафтанга» 7,8 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген.

«Беларуськалий» – калий минерал жер семирткичтерин өндүрүүчү саналуу ишканалардын бири.

Беларустун шайлоодо утуп чыкканы расмий кабарланган президенти Александр Лукашенко ишканаларда нааразылык акциялары токтобосо, бул өндүрүшкө чоң кедергисин тийгизерин эскерткен. Буга чейин нааразылык акцияларына кошулууга даяр экенин БелАЗ, МАЗ, Минск трактор заводу, «Гродно-Азот» электротехникалык заводу билдирген.

Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоодон бери нааразылык толкуну токтой элек. Алар Лукашенкону кызматтан кетүүгө чакырып, добуштары бурмаланганын айтып жатышат. Шайлоону жеңгенин айткан оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская жума күнү элди өз добушун коргоого, дем алыш күндөрү массалык жыйындарды уюштурууга чакырган.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG