Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

Бишкекке Новосибирскиден 182 кыргызстандык жеткирилди


Новосибирск-Бишкек каттамындагы чартердик учак. 16-июль, 2020-жыл.
Новосибирск-Бишкек каттамындагы чартердик учак. 16-июль, 2020-жыл.

«Сибирь (S7)» аба компаниясынын Новосибирск–Бишкек багытындагы чартердик каттамы менен 182 кыргызстандык мекенине келди. Арасында балдар бар.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, учак менен кош бойлуу, балалуу келиндер, оорукчан жана улгайган адамдар, мекенине чукул кайтууга муктаж болгон жарандар, Сибирь аймагындагы окуу жайларында окуган студенттер келишти. Каттам менен Новосибирск, Петропавловск-Камчатка, Владивосток, Красноярск, Иркутск, Якутск, Сахалин жана Сибирь аймагындагы башка шаарларында иштеген кыргызстандыктар кайтып келишти.

Соңку төрт күндүн ичинде «Урал авиалиниялары» жана «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниялары Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Екатеринбург жана башка шаарларынан миңден ашык жаранды Бишкекке жана Ошко алып келишкен.

ТИМдин маалыматына караганда, 20-марттан 1-августка чейин Орусиянын 21 аймагынан 20 миңден ашуун кыргыз жараны мекенине кайтты. Алар үчүн 80ге жакын авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург, Самара облустарынан 52 автобус уюштурулган.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматка караганда, Бишкек менен Оштон Орусиянын шаарларына 15-августтан баштап учактар каттай баштады. Жалпысынан 30-августка чейин 16 каттам болору кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG