Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 19:49

Бишкекте Беларустагы митингчилерди колдогон акция өттү


Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдында өткөн акция. 17-август, 2020-жыл.

Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдында 17-август күнү Беларуста митингге чыккандарды колдоо боюнча акция өттү. Жарандык активист Рита Карасартова «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган видеодо ага он чакты киши келгенин көрүүгө болот. Алар колдоруна «Зомбулукту токтоткула!», «Беларус, Кыргызстан сени менен» деген сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.

«Беларуста болуп жаткан окуяны кыргыз эли алар өздөрү берген добушу үчүн, таза шайлоо үчүн күрөшкө чыгып жатышат деп түшүнүшү керек», - деди Карасартова.

Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоодон бери нааразылык толкуну токтой элек. Алар Лукашенкону кызматтан кетүүгө чакырып, добуштары бурмаланганын айтып жатышат. Шайлоону жеңгенин айткан оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская жума күнү элди өз добушун коргоого, дем алыш күндөрү массалык жыйындарды уюштурууга чакырган.

16-августта Беларустун бир катар шаарларында президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы «Эркиндик үчүн!» маршы деген акция өттү. Баш калаа Минскиде миңдеген демонстранттар Эгемендик проспектисинде жүрүшкө чыгышкан. Бул акцияларга түмөндөгөн адамдар катышууда.

Өткөн аптада Борбордук шайлоо комиссиясы президент Александр Лукашенко 9-августтагы шайлоону жеңгенин расмий жарыялаган. Комиссиянын сайтындагы маалыматка караганда, өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Лукашенкого добуштардын 80,1%, анын негизги атаандашы Светлана Тихановскаяга 10,1% тийген. Оппозиция шайлоонун баштапкы жыйынтыгын тааныган эмес. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG