Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

COVID-19дун айынан Жаңы Зеландияда шайлоо жылдырылды


Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн. 15-апрель, 2019-жыл.
Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн. 15-апрель, 2019-жыл.

Жаңы Зеландияда сентябрь айынын орто ченинде өтө турган шайлоо пандемияга байланыштуу 17-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу премьер-министр Жасинда Ардерн дүйшөмбүдө жарыялады.

Мындай чечимге өлкөдөгү эң ири шаар деп эсептелген Оклендде коронавирустун жайылып жатышы түрткү болду.

Оппозициядагы партиялар Оклендде бул вируска 50 киши кабылганда эле шайлоону жылдырууну талап кыла башташкан. Анткени илдеттин жайылышын ооздуктоо максатында калаага эки жумалык карантин киргизилип, үгүт өнөктүктөрү токтотулган.

Буга чейин Жаңы Зеландияда 102 күн коронавируска кабылган бир да адам катталган эмес. Ошондуктан жашоо пандемияга чейинкидей эле өз нугуна түшкөн. Болгону тыштан учуп келгендерде аныкталып, алар чек арадан эле обочого алынган.

Ардерн ошондой эле абал кандай болбосун мындан ары шайлоо жылдырылбай турганын кошумчалады. Сурамжылоолорго караганда анын Жумушчулар партиясы алдыда.

Жаңы Зеландияда жалпысынан 1600дөн ашуун адам COVID-19 га чалдыккан, алардын 22си көз жумган.

XS
SM
MD
LG