Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

«Бир Бол» партиясы бийликке оппозиция болорун жарыялады


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Бул тууралуу «Бир Болдун» мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов партиянын 17-августта өткөн кезексиз жыйынында айтты. Ал Кыргызстандагы азыркы башкаруу системасын «супер президенттик» деп баалап, парламенттик башкаруу сөз жүзүндө эле калганын сындады. Шыкмаматов алардын максаты күчтүү парламенттик системаны түптөө экенин кошумчалады.

«Биз бүгүнкү бийликке оппозиция болобуз. Анткени күчтүү оппозиция – бул жоопкерчиликтүү өкмөт, жоопкерчиликтүү бийлик, күчтүү жарандык коом жана сөз эркиндиги», - деди Шыкмаматов.

«Бир Бол» партиясы бийликке оппозиция болорун жарыялады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:09 0:00

«Бир Бол» партиясынын IX кезексиз жыйынында партиянын катарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып жаткандар катышканы кабарланды. «Бир Бол» буга чейин саясий кеңешинин курамы 95% жаңыланганын билдирген.

Партиянын лидери Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясын жетектейт. Фракция парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн катарында.

«Ата Мекен» партиясы да бийликке оппозиция экенин маалымдаган. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы болсо бийликке системалуу оппозиция болуп келатканын кабарлаган эле.

Мыйзам боюнча шайлоого катышкысы келген саясий партиялар 20-августка чейин жыйын өткөрүп, 25-августка чейин талапкерлердин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бериши керек. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. (BTo)

XS
SM
MD
LG