Казакстанда жергиликтүү басылмалар күбөлөргө жана жергиликтүү тургундарга таянып Байдибек-бий айылында улут аралык чатак чыккан болушу мүмкүн экенин жазышты. 16-августта болгон окуядан кийин казак полициясы Байдибек-бий айылындагы бардык жолдорду тороп салганы да кабарланды.
«Власть» агенттиги бийлик айыл тургандарын үйлөрүнөн чыкпоого чакырганын жазды. Байдибек-бийде негизинен казактар жана чечендер отурукташкан. Бийлик ал жакта чыр чыкканын четке кагып жатат.
«Байдибек-бийде улут аралык кагылышуу болгон жок. Ал жакка кошумча полиция киргизилген жок жана айыл ачык», - деп билдирди аймактык полициянын өкүлү жергиликтүү медиалардын бирине.
2007-жылы да ушул эле айылда чечендер менен казактар чатакташа кетип, 50дөй киши кармалган.
Мурда Маловодное деп аталып келген бул айыл Алматыдан 70 чакырым аралыкта жайгашкан.
100дөн ашуун улут отурукташкан бул мамлекетте соңку жылдары улут аралык майда чатактар көп байкалууда.