Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 23-февраль, 2020 Бишкек убактысы 11:45

Улут аралык ынтымакты көз карегиндей сактоо - ардактуу милдет


Дунган тою. Шор-Төбө, Жамбыл облусу, Казакстан. 27-август, 2018-жыл.

Казакстандагы Масанчи кыштагындагы окуялардан улам ой толгоо. Тарыхчынын блогу.

Дүйнөлөшүү жүрүмү тереңдеген сайын, ар бир өлкөнүн коому улам жаңы жоопкерчиликке ээ болууда. Кыргызстан да бул жүрүмдөн четте кала албайт.

Бир чети дүйнөдөгү жалпы тынчтыкты сактоонун зарылдыгын аңдап, өз салымыбызды эгемен мамлекет катары кошушубуз керек. Экинчи чети, унитардык мамлекетибиздеги көп улуттуу кырдаалды кылдат түшүнүп, ошого ылайык заманбап коз карашта болушубуз ылайык.

Албетте, улут аралык кагылышуулар жаатында өрнөктөр көп эле болду. 1989-жылы Өзбекстандын Фергана аймагында өзбектер менен ахыска (месхет, б.а. грузиялык Мцхети аймагынан сталиндик доордо жазыксыз жерден депортацияланган) түрктөрүнүн ортосунда тополоң чыкты. 1990-жылы июнда жана 2010-жылы июнда Ошто да кыргыздар менен өзбектердин айрым топтору кагылышты. Эми Казакстандын Кордой аймагында айрым казак жана дунган бейбаштарынын айынан дагы бир тополоң чыкты...

Бул - бир гана мамлекеттин иши эмес, бүтүндөй борбор азиялык чөлкөмдү санааркаткан окуя.

Адатта бир жактын гана таламын талашып, ого бетер тирешүүнүн тамырын тереңдетиш үчүн шыкакчы болгондор мындайда четтен табылат. Интернеттеги цензура жок шарттагы коомдук тармактар аркылуу да элди дүрбөткөн «таза кандуу арийлер» да ар элдин ичинен чыгып, өз батиринин же үйүнүн жылуу-жумшак диванында жатып алып, айрым чала сабаттарды мушташка, тирешүүгө, тополоңго чыгууга козуткан постторду жарыялашканына күбө болдук.

Ылайым цензура орнобосун, бирок атуулдук жоопкерчилик деген талап жүрөк толтосунда шам чырактай орноп турушу керек да!

2010-жылдагы Ош окуяларын сырт жактан таңуулашканын коңшу Өзбекстандын бийлиги жаземдебей аныктап, Кыргызстандын Убактылуу Өкмөтүн колдоп чыкты. Кийин президент Мирзиёевдин бийлиги Жызак облусундагы кыргыздардын Манас айылын 90 күндүн ичинде заманбап кыштак кылып оңдоп чыкты. Баамдагандарга бул - сырттан таңууланган Ош окуясына карата коңшу мамлекеттин бийлигинин атуулдук ынтымак жаатындагы жообу болду.

Дунгандар - Кытайдагы ислам динин кабыл алган ханзулар менен аларга жуурулушкан араб, ирандык, түрк (анын ичинде мусулман кыргыз) улуттарынын орток урпактары.

Адатта, дунгандардын этногенези жаатында сөз болгондо кыргыздардын катышуусу тууралуу айтылчу эмес. Бул жаңы илимий аныктаманы бээжиндик чыгаан кыргыз таануучу, профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа, бишкектик дунган этнографы, тарых илимдеринин кандидаты Али Алиевич Жйөн (Жон) мырзалар айтып келишет.

Бул аныктама да тарыхый чындыкка төп келет деп эсептейм.

Монголиядагы хотон деген чакан түрк тилдүү улут бар. Хотондордун түпкү дини мусулман болгон. Орусиялык академик Б. Я. Владимирцов, саякатчы П. К. Козлов, этнограф Г. Н. Потанин, монгол илимпоздору Ц. Цэрэндаш менен Ж. Батсүүр (Батсуурь) дал ушул эл Теңир-Тоодогу мусулман кыргыздардын урпактары болгон деп санашат.

Ал эми Ички Кытайга сүңгүгөн мусулман кыргыздардын өкүлдөрү деле дунгандардын байыркы бабаларына аралашканы тууралуу жоромол да чындыктан алыс эмес деп ойлойм. «Манас» эпосунда деле кыргызга аралашып, динин да кабыл алган ханзу (кытай) жана монгол өкүлдөрү тууралуу маалымат бар (Алмамбетти эле алалык), тескерисинче, Ыраакы Чыгышка кетип, башка динге өткөн кыргыз топтору (Көзкамандар) тууралуу да айтылат. Демек, дүйнөлөшүү жүрүмү Ички жана Борбордук Азия, Шибер аймагы үчүн алмустактан башталган.

Кытайда Цин-манчжур жана Гоминдан бийлигинин заманында кытайлык дунгандар бир нече жолу улуттук боштондук көтөрүлүштөргө чыгып, Чыгыш Теңир-Тоодогу түрк мусулман элдеринин көтөрүлүштөрүн колдоого алып турушканы да тарыхта даана жазылган. Дал ушундай көтөрүлүштөрдүн жеңилишинен кийин дунган, уйгур, сарт калмак топтору жана айрым кыргыздар Кашкар менен Кулжадан Жети-Сууга (Кыргызстанга жана Түштүк Чыгыш Казакстанга) качып келип, байырлап калышкан эмеспи!

1916-жылдагы Кыргызстандагы улуттук боштондук көтөрүлүшкө дунгандар кошкон көөнөргүс салымды, маркум тарыхчы Токторбек Өмүрбековдун жолун улап, азыркы КУУнун профессору Турдубек Шейшеканов ж.б кыргыз тарыхчыларынан тышкары, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын ага илимий кызматкери, тарыхчы, дунган кызы Жамийла Мусарова (Мажун) да иликтеп келет.

Ыраматылык дунган чыгыш таануучусу, тарыхчы, профессор Мухамед Ясызович Сушанло (1924-1998) менин кандидаттык диссертацияма колдоо көрсөткөн, илимпоздук бата берген эле.

Эмгекчил жана дыйканчылык сырларын мыкты билген дунгандар Жети-Суудагы кыргыз менен казак турмушуна кыйла жаңылыктар киргизишкен. Менин бала чагымдын айрым жылдары өткөн Нарын шаарында да дунгандар кыргыз тилин мыкты билип, ыраакы чыгыштык татымалдарды кыргыз дасторконуна сунуш кылып, мөмө-жемиштерди, ал түгүл пыяздан бери бул бийик тоолуу шаардын чет-жакасында өстүрүштү, багбанчылык өрнөгүн көрсөтүштү.

«Фейсбуктагы» айрым посттордо дунгандар кыздарын кыргыздарга бере бербейт дегендей ой да айтылды.

Ал эми чакан улуттардын өз тоюн өзгөгө бербөө (улут аралык никеден качуу) аракеттери этнография илиминде бул этностун (диаспоралык топтун) муундан-муунга өткөн өзүн-өзү эл катары сактоо далалаты аркылуу түшүндүрүлөт. Кытайдагы тарбагатай кыргыздары деле (алар бутпарас дининин ламачылык түрүн тутушат) өздөрүнүн айырмалуу тобун, ким экенин сакташ үчүн башка элдерге кыздарын күйөөгө бербөөгө далалат кылышканын, эми гана улут аралык никеге ык койгондор пайда болгонун алардын арасында болуп кайткан этнограф, профессор Абылабек Асанканов жана башка кыргыз тарыхчылары өзгөчө белгилеп жазышкан.

Ооган кыргыздарынын макал-лакаптарын 1970-жылдары чогулткан этнограф Реми Дор бир макаласында «Оруска оюңду бербе, ооганга тоюңду бербе» деген ылакапты эскерген. Бул - «тоталитардык советтик режимдин (б.а. «орусиялыктын») коммунисттик идеологиясына көнбө, кызыңды дари жана пуштун тилдеринде сүйлөгөн оогандарга күйөөгө бербе» деген маанини билдирчү.

Демек, Кыргызстандагы чакан улуттун ички ынтымагын түшүнүш үчүн кыргыздардын чет мамлекеттердеги чакан топторунун этнографиялык өзгөчөлүктөрүн да салыштырып изилдөө абзел.

Азыркы тапта дунгандар менен кыргыз, казак өкүлдөрүнүн үй-бүлөлөрү көбөйдү. Куда-сөөктүк мамилелер жөндөлүп барат.

Менин бир бажамдын уулу татынакай дунган кызына үйлөнүп, жакында небере төрөп берди. Алардын тоюна өзүм да катышып, бата берген болчумун. Албетте, бир гана мисалды айттым, бирок мындай бүлөлөр көп жана мындай куда-сөөктүк карым-катнаштар өнүгө бермекчи.

Дунган улутундагы чыгыш таануучу, Шор-Төбөдө 1951-жылы туулган этнограф агайым Али Жйөн (анын тегатын Жон, Джон деп жазып жүрүшөт, бирок бул сөздүн англисче John менен эч байланышы жок), бээжиндик профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа аксакал менен жакындан таанышып, алар менен илимий достук карым-катнашта болгондугум үчүн сыймыктанам.

Эсен Жумазович Исмаилов деген агайыбыз Кыргызстандагы улут аралык ынтымакты чыңдоодо, кыргыз спортун өнүктүрүүдө опол тоодой кызмат кылды. Казакстандагы дунгандар деле азыркы Казакстандын гүлдөп өсүшүнө өз салымын кошуп келет.

Ушул дүрбөлөңдүү сааттарда биз Кордойдогу казактар менен дунгандарды араздаштыруучу маанайдагы шыкактоочу сөздөргө бөгөт коюп, дурус коңшулукту андан ары бекемдөөчү данакер ойлорго жем таштасак, анда коңшу Казакстандын ички ынтымагы аркылуу жалпы Борбор Азиянын ынтымак-ырашкерлигине, көп улуттуу кырдаалдагы илгерилөөгө жол чабууну улантаар элек.

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (37)

XS
SM
MD
LG