Линктер

шейшемби, 23-апрель, 2019 Бишкек убактысы 10:14

Бозгун алиппеси: Өзүңдү сыйласаң, өзгөнү урматта


"Триумф" спорт сарайындагы нааразылык жыйын. Якутск, Саха Республикасы, Орусия. 18.3.2019.

Кандайдыр бир себептер (окуу, жумуш, илимий саякат, туристтик сапар, ж.б.) менен улам-улам чет өлкөлөрдө байырлап келген кыргыздардын биринин көөдөндөгү дилден чыккан ойлору камтылган күндөлүктүк саптар.

Мен өзүм эч кездеше элек, бирок дилибиз табышкан бир досум бар. Ал – АКШда байырлап жаткан Камыт Савай.

Досум дегеним – ал азил аралаш көптөгөн куш тилиндей (кээде чоң атанын чепкенинин узун этегиндей) тексттерди жарыялап, АКШдагы турмуштун аки-чүкүсүн тааныштырып келет. Жакында ал өзүнүн жумшак юморго ширелген татынакай китебин да жарыялады.

Бирок Какебиз таарынбасын, бул макалам азырынча анын китеби тууралуу эмес. Ал биз үчүн Ыраакы Батышты (мухиттин аркы өйүзүн) мындан ары да байсалдуу тааныштырган калемгер бойдон кала берет деп ишенем жана тилейм.

Соңку күндөрү биздин жүрөгүбүздү Ыраакы Чыгыштагы боордош Саха жумуриятынын байтактысы Якутск шаарындагы дүрбөлөңдүү окуялар түпөйүл кылып койду.

Интернеттин коомдук тармактарында үзүл-кесил жазылган ойлорумду топтоп, андан сырткары да кээ бир байкоолорумду ортого салууну чечтим.

Дегиңкиси, эне тилибизде атажурттан сырткаркы жакта байырлап калган кишини "бозгун" деп коюшат. Саякаттап жүргөндөрдү “мусаапыр” деп да койобуз (бул сөздүн жумшак мааниси да бар: бул сөз арапча жөн гана “сапарда жүргөн киши” дегенди, б.а. “жолоочу” дегенди туюнтат). Негедир кыргызча адабий тилде “мусаапыр” дегенде жолдо арып-ачып, чарчаган, жүдөгөн гана жолоочу, дервиш, думана элестелет. Чын-чынында, саякатчы – көчмөндөр үчүн сырткы дүйнөнүн терезеси болгон.

Бозгун деле ошондой. Сырт жакта мүшкүл тарткан менен бозгундар эл аралык турмушу аркылуу өз мекенине өтө кымбат байлыкты – башка цивилизациялык очокторго өз цивилизациялык очогунун жетишкендиктерин айкалыштырган жаңы тажрыйбаны алып келет. Эгерде ал бозгундуктан эч кайтпай калса (тагдырда мындай бурулуш деле ыктымал), анда ал чет жактарда өз эл-жери тууралуу мол маалымат таркаткан ыктыярдуу элчинин данакерлик иш-аракетин жүзөгө ашырат.

Бирок бул озуйпаны жүзөгө ашыруунун да эреже-талаптары бар.

Кыргызстанды эле алалык.

“Манас” эпосунда теги ханзу болгон Алмамбет укум-тукуму менен кыргыздарга ак кызмат өтөгөндүгү даңазаланат. (Кытайлык жазма булактар байыркы Хан сулалесинин колбашчысы Ли Лин хун теңир-кутунун буйругу менен кыргыздарга жетекчи болуп, кийин анын урпактары кыргыздашып кеткен болчу деп маалымдашат).

Айтылуу Алексей Фетисов (1842–1894) деген орус багбан Бишкекте 1879–81-жылдары Кара жыгач багын негиздеген. 1889–94-жылдары ал Бишкектеги айыл чарба мектебин башкарып, кыргыз жаштарын жемиш багын жана башка өсүмдүктөрдү өстүрүүгө үйрөткөн.

Орусташып кеткен молдован Василий Фрунзе кыргыз табыптарга чечекке каршы эмдөө ыкмасын үйрөткөн.

Таластагы менонит диний агымындагы жана башка немистер падышалык Орусиядагы сот жүрүмдөрүндө котормочу жана укук коргоочу катары жаңыдан оторчулукка кириптер болгон кыргыздарга ылым санаган.

Орус Николай Аристов (1847–1910), орусташкан немис Василий Бартольд (немисче Wilhelm Barthold; 1869–1930) сыяктуу залкарлардын кыргыз тарыхына арналган багыттоочу эмгектери эч унутулбас.

Чех жана словактар “Интергелпо” (орусча “Интергельпо”) коммунасы аркылуу Ала-Тоодо өнөр жай тармагынын пайдубалын чыңдоого салым кошкон.

Константин Юдахин, Саул Абрамзон, Мухтар Ауэзов, Бөрү Ахмедов, Мухаммед Ху Чжэнхуа, Реми Дор, Юлий Худяков, ж.б. түрколог – кыргыз таануучулардын эмгектерин кантип унутабыз!

Жалпыласак, келгиндердин жана сыртта туруп көмөк кылган чет элдиктердин далайы кыргыз маданиятына көөнөргүс салым кошту.

Тыйындын берки бетиндей эле, кыргыздардан чет өлкөгө барып байырлап калгандардын арасынан да даңазалуу инсандар чыккан.

Мисалы, түрктөр аңыз кеп, уламыш кылып сактап келген орто кылымдардагы кыргыз баатыр жоокерлеринин Анатолиядагы Изник шаарындагы күмбөзүн алсак болот.

Дагы бир аңызга караганда, Меке шаарында байырлап калган кыргыздар ажыга барган зыяратчыларга арнап салынчу конок үй үчүн өздөрү сатып алган жер тилкесин бекер берген дешет.

Ал эми Азамат Алтай аксакал кайсы жерде бозгунда жүрсө да, айдыңдык (интеллектуалдык) чөйрөдө болгон. Ал орусиялык диссидент Александр Керенский, окумуштуу Александр Беннигсен, полиглот чыгыш таануучу Ханс (Йоханнес) Бензинг, айтылуу Мустапа Чокойдун жесири Мария Чокой (Чокай, Шокай) ж.б. менен жолугушкан. Франция, Германия, АКШда өзү да кайрымдуу иш-аракет жүргүзгөн.

Даңазалуу опера ырчысы Болот Миңжылкыев (1940–1997) акыркы 8 жылдык чыгармачыл өмүрүн Санкт-Петербургдагы Мариинск театрында өткөрүп, Орусиянын опера өнөрүнө салым кошкон.

Олимпиада чемпиону болгон жөө күлүк, теги кыргыз Мария Жумабай кызы Пинигина (Кулчунова) – сахалардын эркин күрөш устаты, Олимпиада чемпиону Павел Пинигиндин жубайы. Бул үй-бүлө пост-советтик Орусиядагы Саха жумуриятында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө салым кошуп келет.

Кээ бир кыргыз жигиттери ар кыл кырсыктуу окуялар маалында кишилердин өмүрүн сактап калгандыгы үчүн пост-советтик Орусиянын мамлекеттик сыйлыктарына татыктуу болушту.

Демек, өзү байырлаган өлкөдө эмгеги менен баар таап, кадыр-баркка ээ болгондордун мисалы арбын.

“Алипбе” сөзү алфавит башындагы эки тамга (алип + ба) куралып жасалат эмеспи. Бул эки тамганын атынан бүтүндөй алфавитти үйрөтчү окуу китеп аталып калды.

Биз дагы чет жакта байырлагандардын тагдыры менен байланыштуу башкы эки эрежени А (алип) жана Б (ба) деп шарттуу атоону туура көрдүк.

Якутск шаарындагы мигранттарга каршы жыйын. 17.3.2019.
Якутск шаарындагы мигранттарга каршы жыйын. 17.3.2019.

1) (мигрант болуу үчүн минген атты “чү” деп алгач темингендеги)

АЛИП эрежеси мындай:

чоочун мамлекетте келгин катары көчкөн кишилер өздөрү кайсы бир убакытка байырлай турган бул өлкөнүн элинин салтын, мамлекеттик мыйзамдарын сыйлоого тийиш.

Сыйга - сый, сыр аякка - бал.

Демек, азыркы жаштар бизден да сабаттуу болуп, тийешелүү чет өлкөгө чыкпай жатып эле андагы эрежелерди интернеттен жакшылап үйрөнүшү зарыл.

Мисалы, кээ бир мусулман өлкөлөрдө аялдар жылаңбаш, өтө кыска этекчен жүрө албайт.

(Ал эми айымдарга кыска этекчен көйнөккө уруксат берилген өлкөлөрдө мындай эркин кийинген айымдардын укуктары паранжы жамынгандардыкынан эч кем эмес коргоого алынат; бул жагын айрым чала молдолор бурмалап айтып жүрүшөт).

Кээ бир христиан өлкөлөрүндө көчөдө (коомдук жайда) арак-шарап, пиво бөтөлкөсүн ачык көтөрүп жүрө албайсыз. Кээ бир батыш өлкөлөрүндө коомдук жайларда таптакыр чылым чеге албайсың.

Улуу Британияда жүргүнчү автоунаанын арткы орундугунда отурса дагы сөзсүз кемер тагынууга тийиш. Кыргызстанда жүргүнчү кишинин кемери жок болсо, айдоочу айыпка жыгылат, Британияда – жүргүнчү өзү каржылык жаза төлөйт.

Кээ бир өлкөлөрдө имаратта (жана лифтте) тааныбаган кишилер да жылмайып учурашат. КМШда антип жылмайганга: “Эмне мага минтип ырсаясың?!.” – деп ачуулангандарды учураткам.

(Бала чакта бизге деле чоочун кишиге салам айт, унаага түшсөң орун бер, деп үйрөтүшчү. Эми тек гана жылмаюуну кошуубуз керек).

Салтта да кыйла айырмалар болот.

Кыргызстанда тааныша элек жатып эле “Маянаң канча сом? Үйлөнгөндө калың, сеп болдубу? Автоунааң барбы? Канча коюң бар?” дегендей суроолорду эч чарчабай бере беришет. Көп өлкөлөрдө бул сыяктуу суроолор адепсиздикке жатат.

Ресторанда тейлеген кызматчыга Батыш Европада 5-10 пайыз акча “чайга” деп берилет, Ыраакы Чыгышта (Жапонияда) андай салт жок дешет.

Батыш Европада “Абайлагыла! Чөнтөкчүлөр учурашы мүмкүн!” деп коомдук жайларда, унааларда ачык жазышат. Ал түгүл Лондондо “кайырчыга тыйын берүү аркылуу аны ого бетер кайырчылыкка түртүп жатасыз!” деп ачык жазган көрнөктү учураттым.

Мунун өзү алардын “батыштык” коому эч кайырсыз дегенди туюнтпайт. Аларда адам укуктары чындап корголот жана жумуш табуу мүмкүнчүлүгү жогору.

Мусулман өлкөлөрүнүн качкындары ыйык Меке, Мединасы бар Саудия падышалыгына эмес, негедир, “каапырлардын” демократиялуу өлкөлөрүнө карай багыт алууда. (Бул сөз үчүн мени каргап-шилей тургандарга айтаарым: Саудия ал түгүл сириялык арап мусулман качкындарды да өзүнө жолотпой жатат; сириялык качкындардын эң чоң бөлүгү Түркияда баш паана тапкан).

Айсен Николаев, Саха Республикасынын башчысы. 2018.
Айсен Николаев, Саха Республикасынын башчысы. 2018.

2) БА деген эреже:

эгерде келгиндердин кайсы-бири өзүнүн адамгерчиликсиздиги, жосунсуз жоругу, кылмыштуу аракети үчүн айыптуу болсо, анда эч качан ошол бозгундун этностук, диндик, расалык өзгөчөлүгүн карап, анын бүткүл жамаатына терс тон бычпаш керек.

Саха туугандардын айрымдарына таарынычым: алар бир ууч көрпенде үчүн бүтүндөй чет өлкөлүк мигранттарга жана улутка акаарат келтирип сүйлөөгө барышты. Араң турган жергиликтүү тентектер мыйзамды сыйлаган эмгек мигранттарына каршы тополоң кылып, кысымдарын күчөткөнү катталды.

Саха Республикасынын башчысы Айсен Николаев жергиликтүү тургундардын кызыкчылыктарын коргоо - артыкчылыктуу багыт экенине басым жасады:

"Биз кайсы-бир өзүнчө алынган улуттун өкүлдөрүнө каршы чыккан жокпуз. Биз эч бир улутуна карабастан, (жалпы) мыйзамсыз миграцияга, кылмыштуулукка каршы чыгып жатабыз.

Ооба, Түндүк ар качан меймандостугу менен даңазаланып келген. Бирок кожоюндун мыйзамы менен салтын тебелеген конок – эч кандай конок эмес. Ал – соккуга кириптер болчу баскынчы", –– деп ал «Инстаграмдагы» баракчасында билдирди.

(Түп нускада:

"...Мы не выступаем против представителей какой-то одной национальности, мы против незаконной миграции, против преступности, какой бы национальности она ни была.
Да, Север всегда славился гостеприимством, но гость, попирающий законы и традиции хозяев – это не гость, а захватчик, которому надо дать отпор..." ––

Булак: instagram.com/nikolaev_aisen)

Анын 18-марттагы Якутск шаарындагы митинг маалындагы айтымында, кылмышка шектелген бир киши кармалды. "Деги эле чет өлкөлүктөр келе беришсин, бирок мыйзам алкагында жашашсын", –– деди А.Николаев.

Албетте, айрым кемпайлардын айынан мыйзам сыйлаган башка улутташтарына да бөөдө жерден көө жабылып жатат.

Бизде канадалык бир компания жергиликтүү жемкор төбөлдөрдүн оозун майлап, алтын кенин ошолор менен чогуу “майкаңдашты”. Бирок бул окуя канадалыктардын баары тең абийири жок жалганчы, жемкорлордун шыкакчысы дегенди туюнтпайт да.

Айтмакчы, Кыргызстанда деле “чоочундар кетсин!” дегендей коркунучтуу ураан чакырган түркөйлөр болгон.

Чүйдүн бир кыштагында кыз зордуктаган 1-2 тентектин айынан бардык чечендерди же башка кавказдыктарды "кыштагыбыздан кеткиле" деген талаптарды айткандар чыккан. Өзбекстандын Фергана аймагында 1989-жылы месхет түрктөрүн кысмактаган каргашалуу учурлар болду.

“Диниң башка” деп машайыкчы кыргыздарга сөөк койдурбай жериген мусулман кыргыздар да болгонун тана албайбыз. Бул да секулярдык мамлекет үчүн уят иш.

Салыштырсак, Прагада Олшанска көрүстөнүнүн бир бурчун мусулмандар үчүн сөөк койгонго ажыратып коюшту, Нью-Йоркто деле мусулман көрүстөнү бар. Кыргыз эл артисти, СССРдин эл артисти, Социалисттик Эмгектин Баатыры, бийчи Махмуд Эсамбаевдин (1924–2000) сөөгү Маскөөнүн Даниловдук мусулман көрүстөнүндө жерге берилген.

Кыргыздын айрым чала мусулмандары “каапырлардан” өрнөк алса болбойбу?

Мукамбет пайгамбар деле күйөө баласы Али Абу Талип уулуна анын бөлөк диндеги атасы, курейш уруусунун төбөлү Абу Талиптин сөөгүн коюу жөрөлгөсүнө катышууга уруксат берген. Бир гана шарт айткан: “айланайын, жаназа түшүрө көрбө!”

Баарынан кызыгы, Абу Талиптин сөөгү Меке шаарындагы “Макбарату-л-Маълаа” (المعلاة) деген көрүстөнгө коюлган (бул көрүстөн 1925-жылы гана Саудия падышалыгынын бийлиги тарабынан ойрон кылынган).

Демек, Мукамбет пайгамбар сабырдуу болгон, Мекедеги башка диндеги туугандарынын мүрзөлөрүнө акаарат келтирген эмес.

Якутскидеги кыргыз диаспорасынын башчысы Жазбек Бекболиев.
Якутскидеги кыргыз диаспорасынын башчысы Жазбек Бекболиев.

Саха жергесиндеги окуя –– ачуу сабак болду.

Ошол кылмыш кылган, зордуктоого барган көрпенделер Кыргызстандан чыга элек кезинде эле саха элинин баатыр калк экенин, эң чыгыштагы туугандарыбыз экенин, аларда да эпостору бардыгын билиши керек болчу. 1986-жылы жайында саха жаштары улуттук маданий мүдөөлөрдү тайманбастан көтөрүп, Кайра куруулар доорундагы алгачкы демократиячыл демонстрацияны уюштурганын биздин жаштар Якутск шаарына бара электе үйрөнүшү керек эле.

Жосунсуз кылык-жоруктун кесепети кайра учуп келген бумеранг сыяктуу чекебизди томуйтпасын үчүн балдарыбыз ыймандуу, сабаттуу, айдың, сабырдуу, чет тилдерге дилгир болуп өсүшү керек.
Т. Чоротегин

Ошол көрпенделер Кыргызстандан чыга электе эле дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда аялзатына назик мамиле кылышыбыз керек, өз апама жана эже-карындаштарыма да башкалар сылык мамиледе болушсун, деген универсалдык тарбияга каныгышы керек болчу.

Сабырсыздык –– алааматтуу "бумеранг". Жосунсуз кылык-жоруктун кесепети кайра учуп келген бумеранг сыяктуу чекебизди томуйтпасын үчүн балдарыбыз ыймандуу, сабаттуу, айдың, сабырдуу, чет тилдерге дилгир болуп өсүшү керек.

“Фейсбуктан” окуган бир пикирди аргасыздан кайталайм: кылмышкердин дини, улуту, расасы болбойт. Адамзат бир кылмышкерден улам бүтүндөй элге көө жабууга да каршы турушу ылаазым.

Ылайым биздин чет жактардагы диаспоралык топторубуз ар дайым бейпилдикте, бакыбаттыкта жашаса экен!

Анын сыңарындай, өзүбүздүн көп этностуу, көп диндүү, демократиялуу атажуртубузда да сабырдуулук, атуулдук ынтымак, улуттук биримдик жана айдыңдык ар дайым үстөмдүк кылып турса экен!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG