Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:21

АКШда Демократиялык партиянын жыйыны 19-августта өтөт


Демократиялык партиядан президентикке үмүткөр Жо Байден жана вице-президентикке тандалган Камала Харрис.
Демократиялык партиядан президентикке үмүткөр Жо Байден жана вице-президентикке тандалган Камала Харрис.

Кошмо Штаттарда Демократиялык партия төрт күндүк жыйынын 19-августта баштаганы турат. Анда Жо Байден ноябрда өтчү президенттик шайлоодо президент Дональд Трампка каршы атаандаш катары расмий көрсөтүлөт.

Башында жыйын Висконсин штатындагы Милуоки шаарында өтөрү болжолдонгон, бирок пандемияга байланыштуу онлайн өтмөй болду.

Анын ачылышында сенатор Берни Сандерс, мурдагы биринчи айым Мишел Обама сүйлөйт. Ошондой эле вице-президенттикке талапкер катары Камала Харрис расмий көрсөтүлөт. 55 жаштагы Харрис бул кызматка көрсөтүлгөн алгачкы азиялык АКШ жараны болуп калат.

Байден шайлоого Харрис менен чогуу аттанат
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:54 0:00

77 жаштагы Байден элге өзүнүн Делавер штатындагы үйүнөн онлайн байланышка чыгат.

Жыйында мурдагы президенттер Барак Обама менен Билл Клинтонго да сөз берилери күтүлүүдө. Ошондой эле иш-чара Билли Айлиш жана Жон Легенддин аткаруусундагы чыгармалар менен коштолот.

Республикачыл партиянын жыйыны 24-27 август күндөрү өткөрүлөт. Анда азыркы президент Дональд Трамп экинчи мөөнөткө көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG