Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Тарых музейинин иши боюнча апелляциялык арыз каралат


Иллюстрациялык сүрөт.

11-августка белгиленген отурум айыпталуучулардын бири - Мира Карыбаева ооруп сотко келбегендигине байланыштуу болбой калган. Адвокат Бакыт Автандил уулунун «Азаттыкка» билдиргени боюнча Бишкек шаардык соту ишти кароого кирише элек. Буга чейин жабырлануучу тарап катары өтүп жаткан мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү келбей калгандыктан сот жылдырылган. Автандил уулу андан кийин өзү сыркоолоп сот эки жолу кийинкиге калтырылган.

Улуттук тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушу боюнча айыпталып жаткан Сапар Исаков шаардык сотто онлайн көрсөтмө берет. Адвокат билдиргендей, Сапар Исаков мурдагы отурумдардын бирине катышуудан баш тартканы үчүн биринчи инстанциядагы сот аны калган процесстерге да катыштырбай койгон. Мурдагы өкмөт башчы натыйжада жарыш сөзгө да катыштырылган эмес, өзүнүн өкүмүн угууга да алынып келген эмес.

9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде жалпысынан 18 жылга эркинен ажыратып, 247 650 281 сом айыппул салган. Музей иши боюнча Исаков менен кошо президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева да соттолуп, Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыппул салынган.

Бул иште башынан эле күнөөсүз экенин айтып келе жаткан Сапар Исаков менен Мира Карыбаеванын адвокаттары мындан кийин шаардык сотко апелляциялык арыз жазышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG