Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:54

БУУ трибуналы Хариринин өлүмү боюнча бир адамды күнөөлүү деп тапты


Ливан боюнча түзүлгөн трибуналдын судьялары.
Ливан боюнча түзүлгөн трибуналдын судьялары.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) карамагындагы трибунал Ливиянын мурдагы өкмөт башчысы Рафик аль-Харирини 2005-жылы өлтүрүш үчүн кутум уюштурган деген айып менен «Хезболла» уюмунун мүчөсүн күнөөлүү деп тапты. Ага карата сот өкүмү кийин чыгат.

Бул иш боюнча айыпталып жаткан дагы үч адам далилдердин жетишсиздигинен улам акталды.

Ливандагы «Хезболла» шиит тобунун мүчөсү деп эсептелген төрт адамдын соту 2014-жылы Гааганын жанында атайын Ливан боюнча түзүлгөн трибуналда сыртынан башталган.

Прокурорлордун ырастоосуна караганда, жардыруу чөнтөк телефондордун жардамы менен ишке ашырылган. Алардын бири «Хезболланын» мүчөсү Селим Айяшка таандык экени сотто аныкталган.

Ливандын мурдагы премьери Харири жана дагы 22 киши 2005-жылы Бейрутта автоунаанын жарылуусунан мерт болгон жана бул окуя Ливанда шииттер менен сунниттердин жиктешүүсүнө шыкак берген. Мурдагы премьер киши колдуу болгондон кийин Сирия Ливандан аскерлерин чыгарып, «Хезболла» буга тиешеси бар экенин четке каккан. БУУ бомба жарылууну иликтөө боюнча атайын трибунал уюштурган.

XS
SM
MD
LG