Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:36

Штаб: Эс алуучу жайларда санитардык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө күчөтүлдү


Санитардык талаптарды бузуп той өттү деген ресторандардын бири. Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы 17-августта тараткан сүрөт.
Санитардык талаптарды бузуп той өттү деген ресторандардын бири. Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы 17-августта тараткан сүрөт.

Анын ичинде массалык иш-чараларды, аш-тойлорду өткөрүүгө тыюу уланууда. Коронавируска каршы ыкчам штаб тиешелүү органдар кафелерге, ресторандарга жана башка эс алуучу жайларга текшерүү, рейд жүргүзүп жатканын кабарлады. Маалыматта айтылгандай, премьер-министр Кубатбек Боронов акыркы убакта аш-той өткөрүү күч алганын белгилеп, бул багыттагы иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы өлкөдө жалпысынан коронавирус илдети басаңдаганы менен аймактарда оорулуулар дагы эле көп экенин эске салды. Кубатбек Боронов бул жергиликтүү бийлик ушул багытта жетишсиз иш алып барып жатканын көрсөтүп турганын, көпчүлүк коронавирусту тойлордон, куран окутуу зыйнатынан жугузуп жатканын белгиледи. Премьер-министр акыркы убакта жергиликтүү бийлик ээлери кырдаалга көңүл кош мамиле кылып жатканы байкалганын айтып, буга жол бербөөгө чакырды.

«Өзгөчө күз-кыш мезгили босогодо турганда уюшкандыкта жана ыкчам тартипте иштөө зарыл. Биздин негизги милдет - ооруну азайтуу, өлүмдүн алдын алуу, бейтаптарга өзгөчө көңүл буруу», - деди Кубатбек Боронов.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) атайын рейддин натыйжасында Бишкекте санитардык талаптарды бузуп жана кечки саат 22:00дөн кийин иштеген 20дан ашык кафе-ресторандарды, клубдарды аныктаган.

Пандемиядан улам киргизилген карантиндик чектөөлөргө ылайык өлкөдө ресторан-кафелерге той-аш өткөрүүгө, эл көп катышуучу иш-чараларга тыюу салынган. Мындай талапты аткарбаган юридикалык жактарга 13 миң, жеке адамдарга үч миң сом айыппул салынат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG