Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:40

Секелек кызга ыплас мамиле кылды деп шек саналган киши кармалды


Кара-Сууда секелек кызга ыплас мамиле кылды деген шек менен 30 жаштагы киши кармалды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 11-июлда райондун тургуну милицияга кайрылып, алты жаштагы кызына жыныстык ыдык көрсөтүлгөнүн маалымдаган. Бул факт Жазык кодексинин 165-беренеси «Ыплас аракеттерди жасоо» боюнча бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки тергөө башталды.

Милициянын ыкчам аракетинин натыйжасында бул иш үчүн шектүү катары Ош шаарынын 30 жаштагы тургуну кармалды. Ал убактылуу камоочу жайга киргизилди. Шектүүнүн айыбы толугу менен далилденип, иш сотко жөнөтүлдү.

Милициянын маалыматына караганда, шектүү жаран 2017-жылы баңгизат сактаганы үчүн эки жылга кесилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG