Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:36

Тогуз партия шайлоого катышпай турган болду


Кыргызстандын желегин көтөргөн жаштар. Сүрөттүн алдыдагы шайлоого тиешеси жок.
Кыргызстандын желегин көтөргөн жаштар. Сүрөттүн алдыдагы шайлоого тиешеси жок.

Күздө өтчү парламенттик шайлоого катышкысы келерин билдирген 44 партиянын ичинен тогузу жарыштан чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 19-августтагы маалыматына ылайык, Агрардык партия, «Демократ», Кыргызстан коммунисттеринин партиясы, «Эмгек», «Бийлик элге», Кыргызстандын Элдик-демократиялык партиясы, «Бирик», «Таза коом» жана «Жаратман Эл» партиялары шайлоого катышпай турган болду. Алардын айрымдары башка партияга кошулган, кээ бирлери шайлоо фонду үчүн эсеп ачкан эмес.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Партиялар 20-августка чейин жыйын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин жарыялоого тийиш. 24-август кечке чейин талапкерлердин тизмесине байланыштуу тийиштүү документтер БШКга тапшырылып, 4-сентябрга чейин тактоо иштери аякташы керек.

Пандемия шартына байланыштуу БШК партияларга ачык асман алдында жыйын өткөрүүнү сунуш кылган. (SE)

XS
SM
MD
LG