Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 10:39

Чүйдө кызды курал менен коркуткан деп шек саналган киши кармалды


Сүрөттүн кабардагы окуяга тиешеси жок.

Чүй облусунун Сокулук районунда бейбаштык боюнча шек саналган 22 жаштагы жарандын иши териштирилип жатат.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, ал 15-августта түндө чала тааныш кызды белгисиз курал менен коркутуп, изин жашырган. Жаракат алган кыз милицияга арыз жазган.

Кыздын жарааты тууралуу так маалымат берилген жок.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды. Кылмышка шектүү катары облустун 22 жаштагы тургуну кармалды. Ал милицияга тапанчаны өткөрүп берди. (SE)

XS
SM
MD
LG