Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:58

Темир Сариев «Ак шумкарды» жетектөөнү Ражап Баялиевге өткөрдү


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Темир Сариев «Ак шумкар» партиясынын төрагалыгын аткаруу милдетин Ражап Баялиевге убактылуу өткөрүп берди.

Сариев лидерликти «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын курамында парламенттик шайлоого аттанып жатканына байланыштуу тапшырганын «Азаттыкка» билдирди.

Баялиев төраганын милдетин «Ак шумкар» партиясынын кезектеги жыйынына чейин аткарат.

2015-2016-жылдары өкмөт башчы болуп иштеген Темир Сариев алдыдагы парламенттик шайлоого адегенде «Ата Мекен - Жаңы дем» альянсы менен барарын жарыялаган. Кийин андан баш тартып, «Бүтүн Кыргызстанга» кошулган. (SE)

XS
SM
MD
LG