Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы Улуттук гвардиянын жети аскеринин сабалышы боюнча экспертиза дайындады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жоокерлердин сабалышына байланышкан факты Жазык кодексинин 321-беренеси («Кызматынан аша чабуу») менен иликтенип жатат.
Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестерине катталган иш боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.
Жети жоокердин сабалганы 24-июлда ачыкка чыккан. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы ички иликтөө аларды 16-июлдан 21-июлга чейинки аралыкта төрт офицер сабаганын көрсөткөнүн билдирген. (NT)