Акын, жазуучу Мусакун Сатыбалдиевдин 10 томдук китеби чыкты.
«Улуу тоолор» басмаканасында ар бир тобу ар кыл аталышта чыккан китепке автордун алгачкы чыгармаларынан баштап ырлары, поэмалары, прозалары, котормолору, автор менен маектер камтылган. Бул тууралуу басмакананын жетекчиси Жумадин Кадыров кабарлады.
Кыргызстан жазуучулар бирикмесинин мүчөсү Мусакун Сатыбалдиев быйыл 70 жашка толду.
Буга чейин да анын бир канча китептери басылган. Жаңы китебин чыгарууга президент Сооронбай Жээнбеков 200 миң сом бөлгөн.
Мусакун Сатыбалдиев 1950-жылдын 22-апрелинде Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында жарыкка келген. Анын чыгармалары англис, монгол, орус, кытай, казак тилдерине которулган. (MSd)