Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

«Реформа» партиясынын тизмеси добуш берүү аркылуу аныкталууда


«Реформа» партиясы парламенттик шайлоого талапкерлердин тизмесин Интернетте ачык добуш берүү аркылуу аныктап жатат. Тизмени коомчулук аныктап, бул партиядан парламентке кимдер барышы керек экенин жарандар өздөрү чечишет.

Интернеттеги атайын платформада партия мүчөлөрүнүн сүрөтү, аты-жөнү жазылган. Каалоочулар түз эле ошол жерде добуш берип же добушун кайра алса болот.

Партия 19-августта жыйын өткөрүп, талапкерлерди жана келечек пландарын талкуулайт.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жетектеген «Реформа» партиясы 2020-жылдын жай айларында негизделип, күздөгү парламенттик шайлоого катышарын жарыялаган.

Партиянын курамында өлкөдөгү коррупцияга каршылык көрсөтүп келаткан #RЕакция кыймылынын мүчөлөрү, жарандык активисттер бар. Шайлоого катышуу үчүн беш миллион сомдук күрөөнү да партияга активисттер чогултуп атышат.

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Партиялар 20-августтан кечиктирбей жыйын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин жарыялоого тийиш. 24-август кечке чейин талапкерлердин тизмесине байланыштуу тийиштүү документтер БШКга тапшырылып, 4-сентябрга чейин тактоо иштери аякташы керек.

Пандемия шартына байланыштуу БШК партияларга жыйындарды ачык асман алдында өткөрүүнү сунуш кылган. (SE)

XS
SM
MD
LG