Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 01:02

Сурамжылоо: кыргызстандыктардын көбү кимге добуш берүүнү билбейт


Кыргызстанда буга чейин өткөн шайлоолордун биринде тартылган сүрөт.

«Общее дело» коомдук фонду алдыдагы парламенттик шайлоого жарандардын мамилесин аныктоо максатында социалдык изилдөө жүргүздү.

Сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, шайлоочулардын 75,6% добуш берүүгө даяр. Алардын 60,6% ашууну коронавирус кризисине карабай, шайлоо өз убагында өтүшү керек деген пикирде. 17,2% саламаттыгын тобокелге салып шайлоого катышууну каалабайт.

Респонденттердин 82,3% кимге добуш берүүнү чече элек. «Эртең шайлоо болсо кимге добуш бересиз?» - деген суроого көбү: «Эч кимге» деп жооп берген. «Билбейм» дегендер андан азыраак. Кай бир партиянын атын атагандар үчүнчү орунда.

Катышуучулардын көбү Жогорку Кеңеште жаштарды, аялдарды жана «элдик талапкерлерди» көргүсү келет.

«Общее дело» коомдук фондунун маалыматына ылайык, изилдөөнү тендер аркылуу тандалган «Erfolg Consult» компаниясы ишке ашырды. Адистер 4-24-июнь күндөрү 18ден 66 жашка чейинки 1500 кишинин арасында сурамжылоо өткөрдү. Алардын 530у шаарда, 970и айыл-кыштактарда жашайт.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт.

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG