Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 03:44

Өзбекстандык укук коргоочу бийликтен кенемте талап кылат


Укук коргоочу Чуян Маматкулов.

Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы офицери, укук коргоочу Чуян Маматкулов сотко доо арыз менен кайрылды. «Саясий туткун» деп таанылган укук коргоочу 18-августта «Азаттыктын» өзбек кызматындагы маегинде кылмыш иши толугу менен токтотулганын жүйө кылып, бийликтен кенемте талап кылып жатканын айтты:

«Бул кылмыш ишинин алкагында 880 күн темир тордун артында мыйзамсыз отурдум. «Жаслык» колониясында көптөгөн психикалык кысымга жана ур-токмокко кабылдым. Мени жашы жете элек балдарыман ажыратышты. Соттун чечиминде мага келтирилген моралдык жана материалдык чыгымдын ордун толтуруу керек экендиги көрсөтүлгөн. Мыйзам моралдык зыяндын өлчөмүн белгилей албайт. Мен 500 миллион сум, башкача айтканда 50 миң долларга жакын кенемте талап кылам. Чындыгында бул сумма мен тарткан моралдык жана материалдык зыяндын ордун толтура албайт. Эркиндикти акча менен өлчөөгө болбойт».

Чуян Маматкулов 2000-жылы Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнөн кызматтан бошотулган. Ал 2004-жылы Адам укуктары коомунун Кашкадарыя облустундагы филиалына мүчө болуп катталган. 2005-жылы Маматкулов «Аскер кызматкерлеринин укуктарынын бузулушуна президент Каримов түздөн-түз жооп берет» деген жүйө менен ошол кездеги президент Ислам Каримовго каршы доо арыз жазган.

Өзбекстандык укук коргоочу Чуян Маматкулов 2012-жылдын 29-августунда камакка алынып, 2013-жылы ал он жылга эркинен ажыратылган. Ал жаза мөөнөтүнүн көбүн Каракалпакстан Автоном Республикасындагы шарты катаал «Жаслык» түрмөсүндө өткөргөн. Беш жылдан кийин Маматкулов абактан бошонуп, 2020-жылдын март айында ага козголгон кылмыш иши толугу менен токтотулган. Чуян Маматкулов эң катаал колониялардын бири «Жаслыкта» камалып, кыйноого дуушар болгону кабарланган.

Былтыр президент Шавкат Мирзиёев «Жаслык» түрмөсүн жабуу тууралуу буйрук чыгарган. Ага ылайык, атайын комиссия түзүлүп, түрмөдөгүлөрдү башка жакка которуу иштери башталган.

Каракалпакстандагы «Жаслык» түрмөсү 1999-жылы Советтер Союзунун тушунда химиялык курал сыналган жайдын ордуна ачылган. Анда негизинен диний экстремизм боюнча соттолгон адамдар жаза өтөшөт. (ElB)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG