Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Шайлоо-2020: «Замандаш» партиясы талапкерлердин тизмесин түздү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

19-августта «Замандаш» партиясы кезектеги жыйынын өткөрүп, парламенттик шайлоо алдындагы платформасы талкууланып, программасы түзүлдү. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси түзүлдү.

Баштапкы он орунга кирген талапкерлер:

1. Жеңиш Молдокматов, партиянын лидери;

2. Дмитрий Коноев;

3. Мелис Турганбаев;

4. Чынара Шейшекеева;

5. Умбеталы Кадыралиев;

6. Нурлан Абдыкалыков;

7. Айсулуу Мамашова;

8. Мавлян Амракунов;

9. Имамидин Ташов;

10. Элмурза Сатыбалдиев;

Буга чейин «Бир Бол», «Ата Мекен», «Республика» партиялары өз тизмелерин жарыялаган.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Партиялар 20-августтан кечиктирбей жыйын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин жарыялоого тийиш. 24-август күнү кечке чейин талапкерлердин тизмесине байланыштуу тийиштүү документтер Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тапшырылып, 4-сентябрга чейин тактоо иштери аякташы керек.

Пандемия шартына байланыштуу БШК партияларга жыйындарды ачык асман алдында өткөрүүнү сунуш кылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG