Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 05:48

Сот Тарых музейи жана ипподром иши боюнча чечим чыгарат


Мурдагы премьер-министр соттук териштирүү учурунда. 2019-жыл.

Бишкек шаардык соту 20-августта Улуттук тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушу боюнча чечим чыгара турганы күтүлүп жатат. Бул тууралуу айыпталып жаткандардын бири, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Бакытбек Автандил уулу "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка караганда, шаардык сот 19-августта айыпталып жаткандардын аппеляциялык арызын онлайн карады. Сотко аралыктан катышкан айыпталуучулардын бири Сапар Исаков сөз сүйлөп, өзүнө жана президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаевага музей иши боюнча ойдон чыгарылган айыптар тагылганын айтты.

Башка иштер боюнча да өзүнүн күнөөсү жок экенине токтолуп, журналисттерден чуулгандуу Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ), ипподром, музей иши боюнча иликтөө жүргүзүп, ким туура, ким күнөөлүү экенин коомчулукка жеткирип берүүнү суранды.

Сапар Исаков Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталган. Быйыл 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде жалпысынан 18 жылга эркинен ажыратып, 247 миллион 650 миң 281 сом айыппул салган.

Музей иши боюнча Исаков менен кошо президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева да соттолуп, Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыппул салынган.

Өздөрүнүн күнөөсүз экенин айтып келе жаткан Сапар Исаков менен Мира Карыбаеванын адвокаттары Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жолдогон. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG