Еврокеңештин президенти Шарль Мишелдин айтымында, 27 мамлекеттен турган биримдик Беларустагы соңку президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт, добуш бурмалоого жана нааразылык акцияларын күч менен басууга тиешеси бар адамдарга санкция салынат.
«Евробиримдик жакын арада зомбулукка, куугунтукка жана добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоого катышы бар бир топ адамдарга санкция салат», - деди Мишел 19-августта Евробиримдиктин лидерлеринин жыйынында.
9-августта өткөн президенттик шайлоодо Беларусту 1994-жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко добуштардын 80% алган. Бирок жарандык коом шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган деп эсептейт.
Лукашенко Батыш мамлекеттердин лидерлерин өз өлкөлөрүндө болуп жаткан маселелерге көңүл бурууга үндөдү. Бул тууралуу ал Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтканын «Белта» мамлекеттик агенттиги билдирди.
Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган толкундоолор Беларуста 11 күндөн бери уланууда.