Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Кочкордун тургундары президент менен жолукканда үй-жай маселесин көтөрүштү


Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусундагы жумуш сапарында. 19-август, 2020-жыл.

Кочкор районунун бир катар айылдарынын тургундары 19-августта президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда суу каптоонун кесепетинен улам жараксыз болуп калган үй-жай маселесин көтөрүп, жардам сурашты.

Жыйында үй куруш үчүн жер тилкесин трансформациялоо, мектептерде айлык акыга кошумча төлөм үчүн райондук коэффициентти кайра белгилөө тууралуу өтүнүчтөр айтылды. Мамлекет башчы жергиликтүү тургундар көтөргөн маселелер эске алынарын, жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан чечилерин белгиледи.

Жээнбеков Кочкордо ирригация долбоорунун иши, сүттү кайра иштетүүчү заводдун курулушу, ири долбоор менен таанышып, асыл тукум мал өстүргөн чарбаны барып көрдү.

Президенттин Нарын облусундагы сапары 20-августта уланат. Мамлекет башчы Ат-Башы, Нарын райондоруна жана Нарын шаарына барат, анда коронавирус пандемиясынын шартында санариптештирүү жана ички жолдорду оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн көрөт. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG