Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Кабулдагы жардыруу эки кишинин өмүрүн алды


Жардыруудан кийин, Кабул. 18-август, 2020-жыл.
Жардыруудан кийин, Кабул. 18-август, 2020-жыл.

Кабулдун борбордук бөлүгүндө 19-августта болгон жардыруудан эки адам каза болуп, эки киши жараат алды.

18-августта ооган баш калаасынын өкмөттүк имараттар жана элчиликтер жайгашкан аймагына жасалган ракеталык чабуул үч адамдын өмүрүн алган. Мамлекеттин Эгемендик күнүндө уюштурулган ал кол салууда 16 адам жарадар болду.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Тарек Ариан курман болгондордун арасында эки мамлекеттик кызматкер болгонун билдирген. Кийинчерек AFP агенттиги алар президент Ашраф Ганинин күзөт бөлүмүндө иштегендер экенин жазды.

Эки күн катары менен уюштурулган чабуулдар үчүн «Ислам мамлекети» радикал уюму жоопкерчилик алды.

XS
SM
MD
LG