Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Пакистан кытайлык вакцинаны сыноодон өткөрөт


Пакистанда медкызматкер коронавируска тест алып жатат. Карачи шаары. 6-июль, 2020-жыл.
Пакистанда медкызматкер коронавируска тест алып жатат. Карачи шаары. 6-июль, 2020-жыл.

Пакистандын бийлиги COVID-19 илдетине каршы Кытайда чыгарылган вакцинаны өз жарандарына сыноодон өткөрүүгө макул болду.

Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча улуттук институту билдирди.

Вакцинаны Бээжин биотехнология институту менен кытайлык «CanSinoBio» компаниясы чыгарган. Институт билдиргендей, Пакистанда сыноонун үчүнчү баскычы өткөрүлөт.

Кокустан Кытай вакцинасы ийгиликтүү болуп калса Пакистан аны арзан баада, алгачкылардан болуп алат.

Эксперименталдык вакцина Кытайда, Орусияда, Чилиде жана Аргентинада сыноодон өтүп жатат. Мексика менен Сауд Арабиясы да клиникалык сыноолорго катышууну көздөп жатышат.

Расмий маалыматтарга караганда, Пакистанда 290 миң адам коронавируска кабылган, алты миңден көп киши каза болгон.

XS
SM
MD
LG