Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 00:53

Мексика Орусиянын вакцинасын сыноого катышкысы келет


Иллюстрациялык сүрөт.

Мексика Орусиянын COVID-19 вирусуна каршы вакцинасын сыноого катышкысы келет. Мексиканын тышкы иштер министри Марсело Эбрард орусиялык вирусологдор иштеп чыгып жаткан вакцинаны сыноого катышкысы келерин «Твиттердеги» баракчасына жазды. Муну менен ал «Спутник V» аттуу вакцинаны сыноонун үчүнчү мөөнөтүнө катышуу ниетин жазган.

«Бул мексикалыктардын вакцинаны кыска мөөнөттө, арзаныраак алышына шарт түзөт», деди министр.

Мексикада коронавируска чалдыккан адамдар жарым миллиондон ашты. 57 миңден ашуун адам оорудан көз жумду. 363 миңден ашык адам илдеттен сакайып кетти.

XS
SM
MD
LG