Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:22

«Социал-демократтар» партиясы талапкерлердин тизмесин түздү


Сейитбек Атамбаев.
Сейитбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев жетектеген «Социал-демократтар» саясий партиясы 19-августта жыйын өткөрүп, шайлоо алдындагы программасын талкуулады. Ошондой эле жыйында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси түзүлдү.

Партия азырынча тизмедеги баштапкы талапкерлери тууралуу гана маалымдоодо. Алар:

Сейитбек Атамбаев;

Темирлан Султанбеков;

Кылычбек Султан;

Ирина Карамушкина;

Нурбек Касымбеков.

Cейитбек Атамбаев июнь айында «Социал-демократтар» саясий партиясынын жыйынында партиянын лидери болуп шайланган. Анын айтымында бул партияны атасы 2008-жылы, эгер 2020-жылы парламенттик шайлоо алдында КСДПга тоскоолдук кылса, кошумча вариант катары түзгөн.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев түптөгөн КСДП 2019-жылы экиге бөлүнүп, анын бирин «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов, ал эми Атамбаевди жактаган тарапты Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова убактылуу жетектеп келди. Бул кызматты ал быйыл 27-майда парламент депутаты Анвар Артыковго өткөрүп берген.

Ал эми «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген Сагынбек Абдрахманов кийинчерээк КСДПны өз атынан каттоодон өткөргөн. 13-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Абдрахманов жетектеген КСДПнын парламенттик шайлоого карата өкүлдөрүн каттоодон баш тарткан. Кийинчерээк сот БШКны Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДПны каттоого милдеттендирген.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Партиялар 20-августтан кечиктирбей жыйын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин жарыялоого тийиш. 24-август күнү кечке чейин талапкерлердин тизмесине байланыштуу тийиштүү документтер БШКга тапшырылып, 4-сентябрга чейин тактоо иштери аякташы керек.

Пандемия шартына байланыштуу БШК партияларга жыйындарды ачык асман алдында өткөрүүнү сунуш кылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG