Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары бийлик криминалга жеңилгенин айтты


Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев кыргыз бийлиги криминалга жеңилгенин айтты. Ал күздөгү парламенттик шайлоого аттанган бир канча партиянын артында «каралар» турганын белгилеп, саясатка бел байлагандар аларга кызмат кыларын кошумчалады:

«Кыргызстандын парламентинде, бардык жерде коррупция жөнүндө айтылат. Бирок коррупциянын башында уюшкан кылмыш топтору турганын, башкарып жатканын эч ким айткан жок. Эртең, бүрсүгүнү башка чаап кетпесин дейт. Себеби, бийлик уюшкан кылмыштуу топторго жеңилип калган».

Өмүрбек Суваналиев - «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын катарында парламент депутаттыгына талапкер. Ал жогорудагы пикирлерин партиянын 19-августтагы жыйынында билдирди.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда башталат. Үгүт иштери 4-сентябрда башталат.

Саясий партиялар 20-августтан кечикпей жыйын өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин бекитип, Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш.

2019-жылы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өлкөдө үч уюшкан кылмыштуу топтун 421 мүчөсү бар экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG