Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Азимжан Аскаровдун иши боюнча апелляциялык доо арыз сотто карала баштады


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 20-августта түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча апелляциялык доо арызды карап жатат.

Сотто адвокаттар жараянда доогер (мураскер) катары Аскаровдун аялы Хадича Аскарованы дайындоо тууралуу өтүнүч киргизишти. Өкмөттүн өкүлү бул өтүнүчтү четке кагууну суранды. Ишти караган соттук коллегия азыр кеңешүүгө кирип кетти.

Жараянда Бишкек шаардык административдик сотунун чечимине каршы берилген апелляциялык арыз каралып жатат. 2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана калыс сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген.

2019-жылы 23-ноябрда Азимжан Аскаров «БУУнун сунуштарын эске албай, чечимин аткарбай жатат» деген негизде өкмөткө каршы арыз жазган. 2020-жылдын 12-июнунда Бишкектин административдик соту Аскаровдун доо арызын өндүрүштөн кыскарткан. Буга «иштин алкагындагы талашта өкмөт административдик орган катары жооп бербейт» деген жүйө келтирилген. Аскаровдун адвокаттары бул чечимге макул болбой шаардык сотко даттанышкан.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму мыйзамга ылайык Азимжан Аскаровдун укугун коргоону улантарын, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечиминин аткарылышына жергиликтүү жана эл аралык соттордо жетүүгө аракет кыларын билдирди.

69 жаштагы Азимжан Аскаров 25-июлда түрмөдө пневмониядан каза болду. Ал 2010-жылдагы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. (NT/AiA)

XS
SM
MD
LG