Кыргызстанга чет мамлекеттин жарандарынын жана жарандыгы жоктордун кирүү шарттары жеңилдетилди.
Өкмөттүн басма сөз кызматы 20-августта билдиргендей, эми Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алган чет элдиктер (ЖОЖдон берилген маалымкат аркылуу), өлкөдө туруктуу жашап турууга уруксаты барлар, өлкө аймагындагы медициналык мекемелерде дарыланууга келгендер (документ менен ырасталган шартта), жакын туугандарынын аза күтүү зыйнатына келгендер (жакын туугандык байланыштары жана каза болгондугу тууралуу документ менен) киргизилет.
Ошондой эле маал-маалы менен чет мамлекеттердин жарандарын Кыргызстандан чыгаруу тууралуу да чечим кабыл алынды. Ага ылайык, чет элдиктер эпидемиологиялык абалга жараша Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен тизме менен өлкөдөн чыга алышат.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу өкмөттүн 2020-жылдын 17-мартындагы токтомунун негизинде Кыргызстан башка мамлекеттер менен чек араларын жаап, авиакаттам, автотранспорт жана темир жол каттамдары токтотулган. (NT)