Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:41

Шайлоо-2020: «Чоң Казат» партиясы талапкерлердин тизмесин тактады


«Чоң Казат» саясий партиясы парламенттик шайлоодо ат салыша турган талапкерлердин тизмесин бекитти. Ал саясий уюмдун 16-августтагы жыйынында кабыл алынганын партиянын төрагасы Максат Мамытканов «Азаттыкка» билдирди. Партиянын чечимге ылайык, алдыңкы он орунда төмөнкү талапкерлер бар:

1. Максат Мамытканов

2. Алмакан Бекова

3. Улан Эсенкожоев

4. Шамырбек Эрмекбаев

5. Сыймык Жапыкеев

6. Анаркүл Султангазиева

7. Өмүрбек Шаршеналиев

8. Турат Акимов

9. Жаркынбек Касымбеков

10. Марьяна Володина.

«Чоң Казат» партиясына «Прогресивдүү жаштар партиясы», «Аруузат эл куту», «Улуу Кыргызстан» жана «Эл бийлиги» партияларынын мүчөлөрү кошулду.

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда болот.

Партиялар 20-августтан кечиктирбей жыйын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин жарыялоого тийиш. 24-август кечке чейин талапкерлердин тизмесине байланыштуу тийиштүү документтер БШКга тапшырылып, 4-сентябрда үгүт башталат.

Тизме гендердик, улуттук квотага эске алынышы зарыл. (SE)

XS
SM
MD
LG