Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

БУУӨП: Үй-бүлөдөгү зомбулук иштеринин 70% келишип алуу менен токтогон


Зомбулук көргөн аялдарга арналган иллюстрация. Автору - Татьяна Зеленская.
Зомбулук көргөн аялдарга арналган иллюстрация. Автору - Татьяна Зеленская.

Үй-бүлөдөгү зомбулук иштеринин 70% тараптардын келишип алышы менен токтогон. Мындай маалыматты БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү иликтөөлөрдүн жыйынтыгына таянуу менен таратты. Ага ылайык, уюм үй-бүлөлүк зомбулукка туш болгон аялдардын жана кыздардын иши боюнча тергөө жүргүзүүгө колдоо көрсөткөн.

Натыйжада, былтыркы тогуз айда «Зордуктоо» беренеси боюнча 269 иш сотко чейинки териштирүүгө алынса, 200ү сотко жетпей токтотулган, 17 иш гана сотко жеткен. 54 иш «Жашы жете электерге жыныстык ыдык көрсөтүү» беренеси менен катталган.

Иликтөөдө айтылгандай, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылгандардын басымдуу бөлүгү – 30-39 жаштагы аялдар. Бишкек шаарында жана Аламүдүн районунда тогуз айда эле 3 686 учур «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен катталган. Мунун ичинен 70% сотко жетпей токтотулган.

Маалыматка ылайык, бул берене менен көп учурда кыз-келиндер күйөөсүнөн, атасынан же өгөй атасынан токмок жеген учурлар катталган. Дээрлик бардык токтотулган иште тараптар келишип алышкан, негизинен сабалган аялдар тосмо арыз жазышкан.

«Укук коргоо системасында да стандарттык каталар бар: далил заттар убагында алынбайт, милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барбайт. Ошол эле учурда жабырлануучулар да милицияга мөөнөтүнөн өткөрүп, зомбулукту далилдөөгө мүмкүн болбой калганда кайрылат. Тергөөчүлөрдүн шалаакылыгынан улам убакыт өтүп кетет. ИИМ тарабынан иш уюштурулбай, тергөөчүлөрдүн компентенттүү эместигинен зомбулук жана анын кесепеттери азайбай келет», деп жазылган билдирүүдө.

ИИМдин маалыматы боюнча 2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу беш миңден ашуун факт катталган. 580 иш сотко чейинки териштирүүгө алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG