Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:19

Ким Чен Ын бийлигинин айрым бөлүгүн карындашы Ким Ё Чжонго өткөрүп берүүдө


Ким Ё Чжон.
Ким Ё Чжон.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын бийлигинин айрым бөлүгүн карындашы Ким Ё Чжонго өткөрүп берүүдө. Бул тууралуу «Reuters» Түштүк Кореянын чалгын кызматына шилтеме кылып жазды. Маалыматтарга ылайык, Ким Чен Ын карындашына Түштүк Корея жана АКШ менен мамиле маселесин өткөрүп берген. Мындан тышкары расмий Пхеньяндын айрым аткаминерлери да Ким Чен Ындын кээ бир милдеттерин алган.

Ким Ё Чжон - Түндүк Кореянын Эмгек партиясынын үгүт жана жайылтуу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары.

Мурдараак «Bloomberg» агенттиги Ким Чен Ын сегиз айдан бери алгачкы жолу Эмгек партиясынын кезексиз пленумун чакырганын, бул анын карындашынын укуктарын кеңейтүүгө байланыштуу болушу ыктымал экенин жазып чыккан.

XS
SM
MD
LG