Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 22:19

Бишкек шаарынын вице-мэри шайлоого катышуу үчүн кызматтан кетти


Мирлан Амантуров.

Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого баратканын жана 21-августта кызматтан кеткенин айтты. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтынан Мирлан Амантуров «Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо фондуна 35 миң сом которгонун көрүүгө болот. Амантуров акчаны кызматта отурган учурда берген. Ал партиянын эсебине акча которбогонун, бухгалтериядан ката кетип кийин каражатты өзүнө кайтарып беришкенин кошумчалады.

«Бирок мыйзам бузулган жок. Эгерде мен акча которсом да өз атымдан котордум. Конституциялык укугум бар. Мен эч кимге үгүт иштерин кылган жокмун. Акча да өзүмдүн акчам».

Мирлан Амантуров 2007-жылы Бишкек мэриясынын «Бишкекасфальтсервис» ишканасын жетектеген. 2019-жылы шаардын вице-мэри болуп дайындалган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, 20-августка чейин 23 саясий партия жыйын өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин түзүп, бекитти.

Шайлоого катышарын билдирип, БШКга 44 саясий партия кайрылган. Алардын ичинен 10 партия шайлоого катышпай турганын Боршайкомго оозеки, ал эми тогуз партия жазуу түрүндө маалымдаган. Бир партия шайлоо өнөктүгүнө катышар-катышпасы тууралуу кабар берген жок.

Эми шайлоого катышуучу партиялар 24-августка чейин талапкерлеринин акыркы, бекитилген тизмесин, алар тууралуу толук маалыматтарды, шайлоо күрөөсү төгүлгөнү тууралуу документтерди тапшырууга тийиш. Талапкерлердин тизмеси тууралуу маалыматтар электрондук формат менен катар кагаз жүзүндө да берилет. Маалыматтар «Электрондук талапкер» программасына киргизилет. Мындан тышкары, талапкерлер тууралуу маалыматтарды «Түндүк» бирдиктүү системасы аркылуу текшерүүгө БШКга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. (BTo/AiB)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG