Дин таануучу Кадыр Маликов Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтий Максатбек ажы Токтомушев кол койгонун муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.
Кадыр Маликов 1972-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал 2006-2007-жылдары Борбор Азиядагы Америка университетинин социалдык иликтөөлөр борборунун исламды изилдөө тобунун жетекчиси, Кыргыз-Орус (Славян) университетине караштуу стратегиялык талдоо жана алдын-ала божомолдоо институтунун ислам изилдөөлөрү боюнча жетектөөчү адиси болуп эмгектенген. 2017-жылдан бери Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү болуп иштеп келаткан.
Муфтийдин мурдагы орун басары Замир Ракиев 10-августта Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалган. (BTo)