Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:30

Өзбекстан сасык тумоого жана пневмонияга каршы эмдөөнү баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда сасык тумоо менен пневмонияга каршы эмдөө сентябрда башталат. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча штабдын мүчөсү, эпидемиолог Рустам Икрамов билдирген. Анын айтымында, респиратордук оорулар күч алган күз мезгили коронавирус эпидемиясынын айынан оор өтүшү ыктымал.

«Албетте, адамдар буга байланыштуу дүрбөлөң түшпөшү керек. Учурда мамлекеттик деңгээлде сасык тумоо менен пневмонияга каршы эмдөө иштери жүрүп жатат. Вакцинаны импорттоп, жергиликтүү эмдөө түйүндөрүн түзүүнүн жолу иштелип чыкты. Иш сентябрда башталат» деди аткаминер.

Акыркы расмий маалыматка караганда, Өзбекстанда коронавирус жукканы аныкталгандар 38 миң кишиге жакындады. Алардын 33 миңден ашууну айыкса, 256 адам көз жумган.

XS
SM
MD
LG