Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-ноябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 01:48

Айрым чет өлкөлөрдүн жарандарынын Кыргызстанга киришине уруксат берилиши мүмкүн


«Манас» эл аралык аэропорту.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб чет элдик жарандардын Кыргызстанга кирүүсүнө уруксат бериш үчүн эпидемиологиялык кырдаал турукташкан өлкөлөрдүн тизмеси түзүлөрүн билдирди.

Бул боюнча 20-августта Саламаттык сактоо министрлигинин №621 буйругу чыкты. Документке ылайык, тизме Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) берген маалыматтар боюнча жаңыртылып турат.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору COVID-19 илдетин Кыргызстанга киргизбөө жана оорунун жайылышын алдын алуу боюнча алгоритмдердин аткарылышын көзөмөлдөйт.

Штаб кайсы чет мамлекеттердин жарандарынын Кыргызстанга киришине уруксат берилерин жазган жок.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу кыргыз өкмөтү ушул жылдын 19-мартынан тартып чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагына киришине тыюу салган. Ошондой эл аралык авиакаттамдар да токтотулган.

Кыргызстан 7-августта Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамдарын жандандырган. Ушул тапта Орусия менен да аба каттамдарын ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 42 703 кишиге жетти. Анын 35831 айыгып, 1 055 киши каза болду. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG