АКШнын башкы прокурору Уильям Барр 2013-жылы Бостондо болгон жардыруу үчүн айыпталган Жохар Царнаевдин өлүм жазасын кайра кайтарууга аракеттенерин билдирди. 20-августта «Associated Press» агенттигиндеги маегинде: «Зарыл болгондун баарын жасайбыз. Биз аны Жогорку сотко берип, өлүм жазасына тарттырууга аракеттенебиз», - деди башкы прокурор.
Бостондун апелляциялык соту быйыл 31-июлда Царнаевге 2015-жылы чыгарылган өлүм жазасын жокко чыгарган эле. Сот жаңы териштирүү дайындап, 27 жаштагы Царнаевдин жазасын ошого жараша аныктоону чечкен. «Associated Press» айыпталуучунун адвокаты Дэвид Паттон комментарий берүүдөн баш тартканын кошумчалады.
2013-жылы 15-апрелде Бостондогу марафон маалындагы жардыруудан үч киши өлүп, 260тай адам жарадар болгон. Кандуу окуядан көп өтпөй колго түшүрүлгөн Царнаев өкүм чыгаар алдында теракт уюштурганын мойнуна алган. Жардырууну уюштургандардын бири, Жохардын агасы Тамерлан полиция менен атышууда окко учкан.
Царнаевдин үй-бүлөсү бир топ жыл Токмок шаарында жашаган. Кийин Орусиянын курамындагы Дагестан Республикасына көчүп барып, 1999-жылкы экинчи чечен согушунда АКШга кеткен. Жохар 2012-жылы АКШ жарандыгын алган.