Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:16

Шайлоо-2020: «Ыйман Нуру» партиясы талапкерлердин тизмесин тактады

2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоо учуру.
2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоо учуру.

«Ыйман Нуру» саясий партиясы парламенттик шайлоодо ат салыша турган талапкерлердин тизмесин бекитти.

Бул тууралуу партиянын өкүлдөрү билдиришти. Алардан алынган маалыматка караганда, 20-августта өткөн жыйындагы чечимге ылайык, алдыңкы он орунда төмөнкү талапкерлер бар:

1. Чыңгыз Макешов; 

2. Нуржигит Кадырбеков; 

3. Аскарбек Күрүчбеков; 

4. Динара Ашымова; 

5. Бакыт Шайдуллаев; 

6. Эржигит Пасанов; 

7. Бакытбек Абдиев; 

8. Мээрим Тойгоналиева; 

9. Учкунбек Ташбаев; 

10. Мамасадык Бакиров.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматы боюнча, ушу тапта шайлоого катышуу үчүн тизме тапшырган партиялар 20дан ашты. Башында парламенттик шайлоого 44 партия катышарын билдирген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Партиялар 20-августтан кечиктирбей жыйын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин жарыялоого тийиш болчу. 24-август кечке чейин талапкерлердин тизмеси БШКга тапшырылып, 4-сентябрда үгүт башталат. (NT)

XS
SM
MD
LG