Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Тогуз партия шайлоого катышпай турганын БШКга билдирди


«Улуу Журт», «Ар-Намыс», «Бийлик элге», «Эл биримдиги», «Бирик», «Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы», «Эмгек», «Кут», «Ак калпак» партиялары алдыдагы парламенттик шайлоого катышпай турганы жана өкүлдөрүн чакыртып алары жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) расмий кабардар кылды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы 21-августта билдирди.

Маалыматка караганда, БШК аталган партиялардын билдирүүсүн карап чыгып, аларды эске алуу жана өкүлдөрдүн каттоо күбөлүгүн жараксыз деп табуу тууралуу чечим кабыл алды.

БШКнын маалыматы боюнча, ушу тапта шайлоого катышуу үчүн тизме тапшырган партиялар 20дан ашты.

Башында парламенттик шайлоого катышарын 44 партия билдирген. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Партиялар 20-августтан кечиктирбей жыйын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин жарыялоого тийиш болчу. 24-август кечке чейин талапкерлердин тизмеси БШКга тапшырылып, 4-сентябрда үгүт башталат. (NT)

XS
SM
MD
LG