Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

COVID-19: Акыркы суткада бир адам каза болду


Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, 23-августка карата акыркы суткада Ош облусунда COVID-19 илдетин жугузуп, бир адам көз жумду. Жалпысынан оорудан көз жумгандар 1056 адамга жетти.

Ал эми 23-августта ооруну жеңген 341 адам ооруканадан айыгып чыкты. Жалпы пандемия башталгандан берки убакта оорудан 36 397 адам айыкты.

Акыркы сутка ичинде коронавирус жана пневмонияга чалдыккан 134 адам жаңыдан катталды. Алардын ичинен:

Бишкек шаары - 33;

Ош шаары– 3;

Чүй облусу – 12;

Ош облусу - 21;

Талас облусу – 5;

Нарын облусу – 8;

Ысык-Көл облусу – 16;

Жалал-Абад облусу – 27;

Баткен облусу - 9.

Ушуну менен 23-августка карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жугузгандардын жалпы саны 43 023 адамга жетти.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы үч адам 18-мартта катталган. Министрлик 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG