Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:20

Ош ОИИБ: Кара-Сууда карыяны тепкилеген адам Бишкекте жүргөнү аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы 81 жаштагы карыяны тепкилеп, сабаган деп шек саналып жаткан жаранды издөө иштерин улантууда. Башкармалыктын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, алгачкы иликтөө иштеринин натыйжасында карыяны токмоктогон жаран дудук экени жана ал Бишкекке качып кеткени анык болгон.

«Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү дудук экендиги жана бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жүргөнү аныкталды. Улгайган адамды урган окуя 14-август күнү болгон. Жабырлануучу карыя окуядан төрт күн өткөн соң ооруканага кайрылган. Учурда издөө иштери уланып жатат», - деди Аширбаев.

18-август күнү болжол менен саат 13:15тер чамасында Кара-Суу районунун Савай айыл округунун тургуну 1939-жылы туулган И.С. аттуу карыя денесинен жаракат алып Кара-Суу райондук ооруканасына кайрылган. Бул факт ошол эле күнү Кара-Суу райондук милициясында Жазык кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүмү («Ээнбаштык, зомбулук») боюнча бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

2019-жылы өлкөдө зомбулукка байланыштуу беш миңден ашуун факты катталган. 580 иш сотко чейинки териштирүүгө алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG