Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Коронавирус концерттерде кантип жугары иликтенди


Иллюстрациялык сүрөт.

Германияда окумуштуулар коронавирус концерттерде кантип жугарын иликтеш үчүн эксперимент өткөрүштү. Бул үчүн Лейпциг шаарында үч поп-концерт өткөрүлдү. Галле-Виттенберг университетинин окумуштуулары уюштурушкан иш-чарада ырчы Тим Бенздго ырдады.

Ар бир концерт үчүн өзүнчө сценарий жазылган. Биринчиси пандемияга чейинки концерттердей эле өттү. Экинчисинде көрүүчүлөр коопсуздук эрежелерин көзөмөлдөөгө тийиш эле. Ал эми үчүнчү концертте көрүүчүлөр азайтылып, алардын ортосундагы бир жарым метрлик аралык сакталды.

Концерттерге жалпысынан 1500 адам барды. Алардын баары алдын-ала коронавируска тест тапшырып, беткапчан кирди. Көрүүчүлөрдүн кыймыл-аракеттерин көзөмөлдөш үчүн аларга атайын датчиктер тагылган. Ошондой эле аларга атайын флуоресценттик дезинфекциялоочу суюктук таркатылган. Аны менен окумуштуулар көрүүчүлөр кайсы буюмдарды көп кармаганын аныкташат. Ошондой эле вирусту абада ары-бери алып жүрүүчү аэрозолдордун траекториясын аныкташ үчүн залга атайын түтүн да коё берилип турду.

Иликтөөнүн жыйынтыгы күзүндө жарыяланат. Муну менен илимпоздор математикалык модел түзүп, көп эл катышкан жабык жайларда вирусту жугузуп алуу коркунучу канчалык жогору экенин иликтөөнү көздөшүүдө.

Соңку маалыматтарга ылайык, пандемия башталганы коронавирус 23 миллиондон көп адамдан табылды. Алардын 800дөйү көз жумду.

XS
SM
MD
LG